Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

09:00-21:00

"ЧАЧ ТАРАЧ" КУРСУ

Окутуу программасы жана окуулар теория менен практиканы айкалыштыруу принциби менен бириктирилген. Окуучулар болванкаларга да, келген  моделдерге да  практикадан өтүшөт. Окутуу процессинде негизги убакыт практикага арналган, ошону менен бир да тема практика жүзүндө иштелбей калбайт. Биздин окуучулар классикалык да, саркеч чач жасалгаларын да, аны менен бирге чач жасамдарын да ишенимдүүлүк менен аткарышат. Чач кыркууларды, химия тармалдатуусун, чач боеонун ыкмаларын үйрөнүшөт, аны менен бирге чач боеочу жана химиялык аралашмалардын рецептурасын, алардын териге жана чачка тийгизген таасирин билишет. Окууну бул багыттагы көп жылдык тажрыйбасы бар жана окутуунун зор тажрыйбасына ээ  жогорку квалификациялуу устаттар  жүргүзүшөт. Курстарды аяктагандан кийин биздин Академия ишке орношууга жардам берет. Биздин бүтүрүүчүлөр шаардын көптөгөн салондорунда иштешет жана жакшы даярдалган адис катары жумуш берүүчүлөрдүн мыкты баасына татый  алышат.

"Универсал чач-тарач" курсунун окуу мөөнөтү 4 ай.

Бул мезгилде сиз буларды үйрөнөсүз:

  • Адамдын чачы кандай болот? Алардын касиеттери жана өзгөчөлүктөрү.
  • Шаймандар. Чач кыркуу жана чач жасамы үчүн алардын багытталышы.
  • Заманбап чач жасалгаларынын технологиясы.
  • Чачты бузуп албай боео, кандайдыр бир структурадагы чач үчүн түстү аныктоо, түстөрдүн айкалышы.
  • Азыркы кардардын талабы кандай жана канткенде ийгиликтүү чач тарач болуу керек?

Окутуу программасы

Теоретикалык бөлүгү

  • Чач тарач искусствосунун негиздерине киришүү. Окуунун биринчи күнүнөн тартып фундаменталдык база. Устатка болгон талаптар, универсал чач-тарач көрсөткөн кызматтын түрлөрү.
  • Шаймандардын жана куралдардын профессионалдык топтому. Шаймандарды тазалоо.
  • Кардар менен баарлашуунун психологиялык аспектиси. Кызмат көрсөтүүнүн профессионалдык сервиси.
  • Моделдөө. Беттин жана чач жасалгаларынын типтери. Аялдардын жана эркектердин чач жасалгаларынын схемасын изилдөө.

Практикалык  бөлүк

  • Окуунун биринчи күнүнөн тартып интенсивдүү практикалык иш.
  • Башты жуу процессинин технологиясы. Башты  укалоо жана аткаруу методикасы.
  • Чач жасалгаларын аткаруунун базалык техникасы. Чачты кыркуу туурасында жалпы маалыматтар. Чач кыркымдарынын түрлөрү жана фасондору (эркектер, аялдар, балдар).
  • Чач жасамынын ар кандай ыкмалары. Жасалгалоо, бекитүү ыкмалары. Чач тарачтын ысык шаймандар жана жасам үчүн химиялык каражаттар менен иштөө учурундагы коопсуздук техникасы.
  • Чач жасалгаларынын элементтери. Тармалдарды түзүү искусствосу.
  • Чачтарды боео, азыркы технологиялар. Чачтын мүнөздөмөсү.
  • Боелгон жана боелбогон чачтарды химиялык тармалдатуу.
  • Креативдүү жасалгалар. Hair tattoo.

Топ менен окуу - 10 окуучу.

Расписание:

1 нөөмөт:

Дүйшөмбү, шаршемби, жума 09:00 дөн 13:00 чейин
Шейшемби, бейшимби, ишемби: 09:00 дөн 13:00 чейин

2 нөөмөт:

Дүйшөмбү,шаршемби,жума 13:00 дөн 17:00 чейин
Шейшемби,бейшимби,ишемби:13:00 дөн 17:00 чейин

Окууну бүткөндөн кийин Diadema Сулуулук жана Сонундук Академиясынан мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет жана "Устат" наамы ыйгарылат.

Биринчи акысыз сабакка жазылыңыз

мугалимдер

НАЗГУЛЬ БООБЕКОВА

Универсал устат. Иштөө стажы - 18 жыл. Жогорку квалификациялуу адис. Ар бир кардарга  индивидуалдуу карайт, окуучуларды өз ишин сабаттуу аткарууну гана үйрөтпөстөн, кардарга психологиялык жактан да туура мамиле кылууну үйрөтөт. Estel Professional компаниясында колористика боюнча окуудан өткөн. Фото-долбоорлорго катышат.

АНАРА КОЙЛУБАЕВА

Универсал устат. Иштөө стажы - 10 жылдан ашык. Төмөнкү багыттар боюнча адистешкен: - Аялдардын креативдүү чач кыркымдары; - Кечки чач жасалгалар, SPA – процедуралар. Өз квалификациясын дайыма жогорулатып турат. Estel Professional  компаниясында колористика боюнча окуудан өткөн. Елена Войнова, Руслан Татьянин жана башка көпөтөгөн устаттардын мастер класстарын өткөн.

ТЫНЧТЫКБЕК АБЫКЕЕВ

Чач тарач - кеңири профилдеги стилист. Иштөө стажы - 10 жылдан ашык. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө иш тажрыйбасы бар. Креативдүү кыркымдарга, Hair tattoо га адистешкен (креативдүү сүрөттөр). Ар кандай көргөзмөлөрдүн жана көрсөтүүлөрдүн катышуучусу. Кыргыз тилинде жекече окутуу тажрыйбасы бар. Кардарлардын арасында - КР белгилүү адамдары бар.

Биз жөнүндө видео

Чач тарач искусствосу

"Эркектердин жана аялдардын базалык чач кыркымдары" курсу

"Колористика" курсу

"Чач жасалгалары" курсу

"Барбер" курсу

Биздин окуу программасы

Чач тарач искусствосу

Визаж

Кирпик өстүрүү

Тырмак сервиси

Косметология

Татуаж

Укалоо

Шугаринг

Тату