"Чач жасалгалары" курсу чач жасалгалары жана жасамдарын түзүү жөндөмүн алууга кызыккандар үчүн арналган. Курс сулуулук тармагындагы тажрыйбаларын талап кылбайт. Окутуу программасы жана окуулар теория менен практиканы айкалыштыруу принциби менен бириктирилген. Окуучулар болванкаларга да, келген моделдерге да практикадан өтүшөт. Окутуу процессинде негизги убакыт практикага арналган, ошону менен бир да тема иштелбей калбайт. Биздин окуучулар чач жасалгасынын бардык негизги элементтерин ишенимдүүлүк менен аткарышат да, жасамдардын бардык түрлөрүн моделдөөнү үйрөнүшөт. Курстарды аяктагандан кийин биздин Академия ишке орношууга жардам берет. Биздин бүтүрүүчүлөр шаардын көптөгөн салондорунда иштешет жана жакшы даярдалган адис катары жумуш берүүчүлөрдүн мыкты баасына татый алышат.
Окуу мөөнөтү 1 ай
Окутуу программасы:
Топ менен окуу- 10 окуучу.
Расписание:
Дүйшөмбү, Шаршемби, жума: 10:00 дөн 14:00 чейин
Окууну бүткөндөн кийин Diadema Сулуулук жана Сонундук Академиясынан мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет жана "Устат" наамы ыйгарылат.
Универсал устат. Иштөө стажы - 10 жылдан ашык. Төмөнкү багыттар боюнча адистешкен: - Аялдардын креативдүү чач кыркымдары; - Кечки чач жасалгалар, SPA – процедуралар. Өз квалификациясын дайыма жогорулатып турат. Estel Professional компаниясында колористика боюнча окуудан өткөн. Елена Войнова, Руслан Татьянин жана башка көпөтөгөн устаттардын мастер класстарын өткөн.