Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

09:00-21:00

"КИРПИК ӨСТҮРҮҮ" КУРСУ

Окуу мөөнөтү – 6 сабак (эки апта)

Окутуунун программасы:

1 – күн 5 саат, анын ичинде 90 минута (1,5 саат) теорияга бөлүнөт.

  • Кирпикти өстүрүү үчүн материалдарга сереп. Кирпиктердин параметрлери (калыңдыгы, узундугу, ийилгени).
  • Шаймандар, каражаттар жана аксессуарлар. Клей менен иштөө.
  • Кирпиктердин майда тешиктүүлүгү: алып жүрүүнүн узактыгына таасири.
  • Кирпиктин түзүлүшү (анаген, катаген, телоген). Өстүрүлгөн кирпиктерди алып жүрүүнүн мөөнөтү.
  • Кирпиктерди өстүрүүнүн негизги эрежелери жана техникасы.

2 – күн  5 саат , анын ичинде 90 минута (1,5 саат) теорияга бөлүнөт

  • Майда "түк" кирпиктер менен иштөө
  • Көз карашты моделдөө. Кирпиктерди көздүк формасына жана кыйыгына жараша эффектисин, узундугун, ийилишин тандоо. Кирпик катарына акырын өтүү. Кемтик түшүнүгү.
  • Кирпиктердин багыты: Ыңгайсыз кирпиктер менен иштөө. Көздүн ички бурчтары менен иштөө.
  • Жасалма кирпик чаптоонун техникасы.

3 – күн 5 саат, анын ичинде 60 минута (1 саат) теорияга бөлүнөт

  • Чаптоо түшүнүгү жана аларды бөлүү ( механикалык жана ремувердин жардамы менен).
  • Көлөм үчүн тутамдар: тутамдарды кантип жасоо керек жана алардын түрлөрү.

4 – күн 5 саат . анын ичинде 60 минута ( 1 саат) теорияга бөлүнөт

  • Эгер кардар көзүн бекем жумбаса, кантип иштөө керек? Кардардын кабагы титиреп жатса: эмне кылуу керек?
  • Кирпик өстүрүү канча убакытты ээлеши керек. Өстүрүүнүн убактысын кантип кыскартуу керек.
  • Өстүрүлгөн кирпикке кам көрүү. Процедурага каршы көрсөтмөлөр.
  • Жасалма кирпик чаптоонун техникасы.

5 – күн 5 саат, практика

  • Өстүрүлгөн кирпикти коррекциялоо (рестарвациялоо).
  • Устаттагы аллергия, андан кантип кутулуу керек.

6 – күн 5 саат, практика

  • Шаймандарды дезинфекциялоо.
  • Өз ишин жакшыртуу ыкмалары.

Окууну бүткөндөн кийин Diadema Сулуулук жана Сонундук Академиясынан мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет жана "Устат" наамы ыйгарылат.

Топ менен окуу- 5 окуучу

Жеке окутуу

Расписание:

Шейшемби, Бейшемби, Ишемби: 09:00 дөн 13:00 чейин

Биринчи акысыз сабакка жазылыңыз

мугалимдер

ОЛЕСЯ РАМИРЕС

Diadema Сулуулук жана сонундук академиясынын окутуучусу. 2015-жылы косметологдордун баштапкы курсун аяктаган, косметолог - эстетист квалификациясы ыйгарылган. Диплом «Лейла Кейджи» ЖЧК тарабынан берилген. 
2015-жылы визаж адистиги боюнча окуудан өткөн, сертификат «Flyers» окуу борбору тарабынан берилген. 
"Кирпик өстүрүү боюнча устат" адистиги боюнча окуу курсун аяктаган, "Я самая" мектеби тарабынан диплом берилген. 
2015 -жылы «Кирпиктерди классикалык өстүрүү» семинарын өткөн. «The Lash and brow room». 
2015-жылы квалификациясын жогорулатуу боюнча «Кирпиктерди көлөмдүү өстүрүү боюнча «Neicha  4D форматында» курсун өткөн. Сертификат «SunMax» студиясы тарабынан берилген.
2016-жылы «LVL кирпиктерди ламинациялоо» семинарын өткөн. Сертификат «The Lash and brow room» тарабынан берилген. 2016-жылы  «Идеалдуу каштар» семинарын окуган. Сертификат «The Lash and brow room» тарабынан берилген. 2016-жылы "перманенттик макияж боюнча адис" квалификациясын ыйгаруу менен  «Перманенттик макияждын алдыңкы курсу» курсун аяктаган. Сертификат «BeautyMed» Сулуулук академиясы тарабынан берилген. 2016-ж.   «NFC материалдарында тень менен растушевкалоо» боюнча мастер класс өткөн. Сертификат «NFC» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү тарабынан берилген. 2016-ж.   «Жума» каналындагы визажисттердин кармашы" Теледолбоорунун катышуучусу жана финалисткасы, Практикалоочу LashMaster, BrowMaster, MakeUp Artist. Иштөө стажысы 2,5 жыл, алардын ичинен бир жылдан ашык окутуучу, өз квалификациясын дайыма жогорулатып турат.

БИЗДИН ЛИЦЕНЗИЯ

Биз жөнүндө видео

Биздин окуу программасы

Чач тарач искусствосу

Визаж

Кирпик өстүрүү

Тырмак сервиси

Косметология

Татуаж

Укалоо

Шугаринг

Тату