Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

09:00-21:00

"ВИЗАЖИСТ" КУРСУ

«Визажист»  кесиби бардык учурларда  көп суроо талапка ээ кесип.  Биз өз практикабыздан билебиз: акыркы жылдары макияжга болгон суроо талап бир нече эсеге өстү. Сизде чыныгы маанилүү нерсеге үйрөнүп, өзүңүздү чыгармачылык өнүгүүнүн жана жалпы эле жашоонун жаңы этабына таасирлентүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Биз  make up индустриясындагы акыркы тренддерди эске алуу менен бул курсту иштеп чыктык, биздин окутуучулар , жаңы кесиптин бардык жактарын түшүнүүгө жардам беришет.   Сиз теринин тибин эске алуу менен косметиканы жаңылышпай тандоону үйрөнөсүз, колористиканын негиздерин үйрөнөсүз, теориялык бөлүктү өздөштүрүп, алган билимиңизди практикада бекемдейсиз.

Ар бир техника тирүү моделдерге жасалат, ошондуктан сиз түстүн типтерин, беттин түзүлүшүн жана анатомиясын түшүнө аласыз, образдарды түзүүгө жана кемчиликтерди жашырып жабууну үйрөнөсүз.

Окуу мөөнөтү 1,5 ай

Теоретикалык бөлүгүүү

  1. Макияждын негиздерине киришүү.
  2. Визажисттин жумушчу ордунун мүнөздөмөсү (жарык кылынышы, шаймандар).
  3. Коррекциялоочу жана жашыруучу каражаттардын өзгөчөлүктөрү.
  4. Беттин  овалын моделдөөнүн ыкмалары.
  5. Беттин, ооздун, көздүн, каштын деталдарын коррекциялоонун өзгөчөлүктөрү. Көздүн формасын жана жайгашуусун, көздөрдүн ортосундагы аралыкты изилдөө.
  6. Макияждын  негизги техникасы жаеа ыкмалары. "Банан", "чымчык", "туурасынан растушевкалоо", " тигинен растушевкалоо" схемалары боюнча сүртүү.
  7. Колористиканын негиздери.

Практикалык бөлүмү

  1. Бетти макияжга даярдоо.
  2. Күндүзгү  Nude макияж.
  3. Smoky eyes (жеңил күндүзгү, ачык кечки, калемдик  техника, smoky shine)
  4. Үйлөнүү үлпөтүнө макияж.
  5. Wet Look макияж (Стробинг).
  6. Классикалык  «Голливуд» макияжы.
  7. "Алма" схемасы.
  8. "Илмек" схемасы.
  9. 3D макияж,  кабакты тартуу
  10. "Банан" схемасы
  11. Чыгыш - Араб макияжы.
  12. Улуу жаштагыларга макияж.
  13. Face chart

Топ менен окуу- 5 окуучу                      

Расписание:

1 нөөмөт:

Дүйшөмбү, Шаршемби, Жума: 10:00 дөн 14:00 чейин
Шейшемби, Бейшемби, Ишемби: 09:00 дөн 13:00 чейин

2 нөөмөт:

Дүйшөмбү, Шаршемби, Жума: 14:00 дөн 17:00 чейин
Шейшемби, Бейшемби, Ишемби: 13:00 дөн 17:00 чейин

3 нөөмөт:

Дүйшөмбү, Шаршемби, Жума: 17:00 дөн 20:00 чейин
Шейшемби, Бейшемби, Ишемби: 17:00 дөн 20:00 чейин

Окууну бүткөндөн кийин Diadema Сулуулук жана Сонундук Академиясынан мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет жана "Устат" наамы ыйгарылат.

Биринчи акысыз сабакка жазылыңыз

мугалимдер

ИРИНА САМОЙЛЕНКО

Diadema Сулуулук жана сонундук академиясынын окутуучусу. Практикадагы стилист-визажист, гримм боюнча сүрөтчү. Визажист болуп иштеген стажысы - 20 жыл, анын ичинде стиль жана макияж боюнча 17 жыл окутуучу. Макияждын бардык түрлөрү жана техникаларын (калемдик, гель, акварель менен ж.б.) жана киногриммди  билет 1998-жылы Е. Пекарустан визажист курсун жана «Beauty Ford all seasons» компаниясынан имиджмейкердин курсун аяктаган. Ушул убакыттан бери практикалоочу визажист. 2001-жылдан баштап стиль жана макияж боюнча окутуучу, бир эле убакта «Alla designe» үлпөт салонунун визажисти. 2009-жылдан бери - "Кыргызфильм" студиясында гримм боюнча сүрөтчү. Жыйырмадан ашык кинофильмдерге гримм боюнча сүрөтчү болуп иштеген, ошондой эле жарнамалык роликтерде, клиптерде жана татаал гриммде чакырык менен иштеген гриммдөөчү болуп иштейт. Үлпөт модасы журналы үчүн стиль жана макияж боюнча макалалардын автору. 2015-жылы автордук долбоору  - "Көңүлдүү сыйкыр" портреттик галареясын алып чыккан. Автордук программа боюнча окутат.

ЗАРИНА ТУРДУКУЛОВА

- Diadema Сулуулук жана сонундук академиясынын окутуучусу. 
Практикадагы визажист. Окутуучу болуп иштеген тажрыйбасы 3 жыл. 
Макияждын, фейс-арт гримдин, калемдик, тень менен, акварель, гель, аралаш техниканын ар кандай ыкмаларын билет. Стилист катары жалпы тематикалык образдарды түзөт. Профессионал фотографтар жана фотомоделдер менен кызматташат.

Кыргыз тилиндеги окутуу программасынын автору.
- визажисттин базалык билимдери.
- өзүнө өзү визажист
- каштарды моделдөө
2015-жылы «Эл аралык класстагы машыктыруучу Надежда Аяповадан  макияж жана make-upтын негизинин фундаменталдык билими" диплому. 
2016-ж. Эл аралык класстагы визажист-стилист Матильда Иноземцовадан мастер класс өткөндүгү туурасында эл аралык диплом. 
2016-ж. Эл аралык класстагы  машыктыруучу Матильда Иноземцовадан Биринчи деңгээлдеги Профессионалдык визажист-стилист базалык курсунан эл аралык диплом.

БИЗДИН ЛИЦЕНЗИЯ

Биз жөнүндө видео

Визаж

"Каш терүүчү устат" курсу

Биздин окуу программасы

Чач тарач искусствосу

Визаж

Кирпик өстүрүү

Тырмак сервиси

Косметология

Татуаж

Укалоо

Шугаринг

Тату