"Эркектердин жана аялдардын базалык чач кыркымдары" курсу студенттерди окуу процессине активдүү тартууга негизделген жана моделдерге канча керек болсо ошончо практика өтүү мүмкүнчүлүгү берилген. Силер чач кыркымдарынын, чач жасамдарынын бардык түрлөрүн үйрөнө аласыңар. Окууну бул багыттагы көп жылдык тажрыйбасы бар жана окутуунун зор тажрыйбасына ээ жогорку квалификациялуу устаттар жүргүзүшөт. Курстарды аяктагандан кийин биздин Академия ишке орношууга жардам берет. Биздин бүтүрүүчүлөр шаардын көптөгөн салондорунда иштешет жана жакшы даярдалган адис катары жумуш берүүчүлөрдүн мыкты баасына татый алышат.
Окуу мөөнөтү 2 ай.
Окутуу программасы
Теоретикалык бөлүгүү
Практикалык бөлүмү
Топ менен окуу- 10 окуучу .
Расписание:
1 нөөмөт:
Дүйшөмбү, Шаршемби, жума: 09:00 дон 13:00 чейин
Шейшемби, бейшемби, ишемби: 09:00 дөн 13:00 чейин
2 нөөмөт:
Дүйшөмбү, Шаршемби, жума: 13:00 дөн 17:00 чейин
Шейшемби,бейшемби,ишемби: 13:00 дөн 17:00 чейин
Окууну бүткөндөн кийин Diadema Сулуулук жана Сонундук Академиясынан мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет жана "Устат" наамы ыйгарылат.
Универсал устат. Иштөө стажы - 18 жыл. Жогорку квалификациялуу адис. Ар бир кардарга индивидуалдуу карайт, окуучуларды өз ишин сабаттуу аткарууну гана үйрөтпөстөн, кардарга психологиялык жактан да туура мамиле кылууну үйрөтөт. Estel Professional компаниясында колористика боюнча окуудан өткөн. Фото-долбоорлорго катышат.
Универсал устат. Иштөө стажы - 10 жылдан ашык. Төмөнкү багыттар боюнча адистешкен: - Аялдардын креативдүү чач кыркымдары; - Кечки чач жасалгалар, SPA – процедуралар. Өз квалификациясын дайыма жогорулатып турат. Estel Professional компаниясында колористика боюнча окуудан өткөн. Елена Войнова, Руслан Татьянин жана башка көпөтөгөн устаттардын мастер класстарын өткөн.
Чач тарач - кеңири профилдеги стилист. Иштөө стажы - 10 жылдан ашык. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө иш тажрыйбасы бар. Креативдүү кыркымдарга, Hair tattoо га адистешкен (креативдүү сүрөттөр). Ар кандай көргөзмөлөрдүн жана көрсөтүүлөрдүн катышуучусу. Кыргыз тилинде жекече окутуу тажрыйбасы бар. Кардарлардын арасында - КР белгилүү адамдары бар.